• 87
  • 90.41
  • 0.84

Тажикстанда жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү башталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Тажикстанда жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү башталды. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Ориф Нозимиён билдирди.

Анын айтымында, Тажикстанда коронавирус жуктургандар жок болгондуктан, коңшу өлкөлөрдөгүдөй уландарды армияга чакыруу кийинкиге жылдырылган жок.

Тажикстанда жыл сайын өспүрүмдөрдү көчөдөн же үйүнөн кармап, мажбурлап аскерге алып кеткен учурлар көп кездешет. Буга чейин өлкөнүн Коргоо министрлиги аскер комиссариаттарына мындай тажрыйбаны токтотуу боюнча тапшырма берилгенин билдирген.

Буга чейин бир катар коомдук уюмдар менен парламент депутаттары аскерде кызмат өтөө мөөнөтүн эки жылдан бир жылга кыскартууну сунушташкан.

Тажикстанда армияга чакыруу өнөктүгү жылына эки жолу – жазында жана күзүндө болот. Ар биринде аскерге милдет өтөөгө 18-27 жаштагы 16 миңге жакын жигит чакырылат.

Пикир

Оставить комментарий