Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусу. Баткенде набыт болгондордун саны 36га жетти

Кырсык 0

Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. Баткен облусунан саат 10:00гө карата алынган ыкчам маалымат боюнча, дагы 12 кыргызстандыктын сөөгү Баткендин саламаттык сактоо уюмдарына келип түштү, - деп билдирет Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Баткен облусундагы куралдуу кагылышуудан каза болгондордун саны 36 адамга жетти.

Ал эми жабыркагандардын саны 129 кишини түзүп, алардын ичинен жетөө амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

КР Саламаттык сактоо министрлиги набыт болгон мекендештердин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий