• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тажикстандын агрессиясы. ӨКМдин каза болгон куткаруучусунун сүрөтү жарыяланды

Кырсык 0

Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткенде душмандын огунан каза тапкан куткаруучунун сүрөтүн жарыялады.

Ал Баткен шаарынын тургуну, 1987-жылы туулган лейтенант Ысманов Айбек Абдималикович болгон. Маркум 2010-жылдан бери КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгында кызмат өтөп, Өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы кызматында эмгектенип жаткан.

"2022-жылдын 16-сентябрында кызматтык милдетин аткаруу учурунда кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуудан улам душман огунан каза тапты. Артында 3 уулу, жубайы калды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Баткенде ӨКМдин кызматкери өз милдетин аткарып жаткан учурда мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий