Тажикстандын кол салуусу. Баткен облусуна 89 медкызматкер жөнөтүлдү

Ден соолук 0

Бишкек, 18.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткен облусуна 89 медициналык кызматкер кесиптештерине жардам көрсөтүү үчүн жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин жарандык коргонуу секторунун бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматов билдирди.

Анын айтымында, дарыгерлер жана медайымдар Ош, Жалал-Абад облустарынан жана Бишкек шаарынан жөнөтүлдү.

“Алардын ичинен 37 дарыгер Лейлек районунда жарандарга жардам берүүдө. Ошондой эле Кызыл-Кыя жана Ош шаарларынан дарыгерлердин бригадасы Баткен районунда иштеп жатат”, - дейт ал.

Калмаматов кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан 134 кыргызстандык жабыркаганын айтат.

Пикир

Оставить комментарий