• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Тажикстандын кол салуусу. Базар-Коргондо Умарбек Курманбеков жерге берилди

Кырсык 0

Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-сентябрда Базар-Коргон районунун Коткор айылында Баткенде шейит кеткен Умарбек Курманбековдун сөөгү жерге берилди.

Аскерди акыркы сапарга узатуу зыйнатына Жогорку Кеңештин депутаттары Т.Масабиров, А.Алтынбеков, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү А.Сыргабаев, Базар-Коргон районунун акими Ж.Сатыбалдиевдер катышып, маркумдун жакындарына көңүл айтышты.

Умарбек Курманбеков 2002-жылдын 23-мартында Базар-Коргон районунун Коткор айылында туулган.

Ал 2021-жылдын сентябрь айында аскерге чакырылган. Курманбеков Баткен чек ара заставасынын 2022 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп, 3 күндөн кийин кызматын аяктап, кайтып келмек.

"Кабар" маалымат агенттиги шейит кеткен Умарбек Курманбековдун жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда мерт кеткендердин саны 59га жетти, дагы 163 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий