Тажикстандын кол салуусу. Граната менен өзүн жана душман жоокерлерин жардырган Эламан Ураимов жерге берилди

Кырсык 0

Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. Эламан Ураимов тажик аскерлеринин курчоосунда калып, граната менен өзүн жардырып, 5-6 тажик жоокерин өзү менен ала кеткен. Бул тууралуу журналисттерге анын чоң атасы билдирген.

29 жаштагы Эламан Ураимов Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айылында жерге берилди. Анын артында жубайы, бир кыз, бир уулу калды. Ал үй-бүлөдө жалгыз бала болгон. Эламан Суворов аскердик окуу жайын жана аскер институтун аяктап, Чек ара кызматынын Баткен облустук бөлүгүндө кызмат өтөп келген. Ал капитан, батальондун командири болгон.

«Ал шайыр, боорукер, жоопкерчиликтүү жигит эле», - деп билдирген чоң атасы.

"Кабар" маалымат агенттиги шейит кеткен Эламан Ураимовдун жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда мерт кеткендердин саны 36га жетти, дагы 129 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий