• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Тажикстандын кол салуусу. Курман болгон чек арачынын жубайы көз жарды

Коом 0

Бишкек, 20.09.22. /Кабар/. Курман болгон чек арачынын жубайы көз жарып, кызын жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу ЖМКга маркумдун агасы билдирди.

Прапорщик Нургазы Боркошов 16-сентябрда Кара-Бак заставасында тажик куралдуу күчтөрү менен айыгышкан согушта баатырларча курман болгон.

“Инимдин артында эки уул, эки кызы калды. Анын жубайы 17-сентябрда көз жарып, кызын жарык дүйнөгө алып келди. Ал кызына Мээрим деген ат да тандап кетиптир. Мээрим Жуманазаровадай балбан кыз болсун деп”, - деп билдирген агасы.

Нургазы Боркошов 1987-жылы Баткен шаарында туулган.

"Кабар" маалымат агенттиги шейит кеткен Нургазы Боркошовдун жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда мерт кеткендердин саны 59га жетти, дагы 183 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий