• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Цирк кызматкерлери "Ак үйдүн" алдына митингге чыгышты -- фото

Коом 0

Бишкек, 21.01.19. /Кабар/. Бишкекте бүгүн "Ак үйдүн" алдында цирктин кызматкерлеринин митинги өтүп жатат. Анын катышуучулары директор циркчилер династиясынан чыккан Аида Акматова болушун талап кылышууда.

"Цирктин жамааты Бишкектин көчөлөрүндө көрсөтүү жасоону чечтик. Асман алдында көрсөтүү жасап, мындай жол менен жетекчини дайындоонун айланасында башталган интригаларга каршылыгыбызды билдирип жатабыз", – дешти митингдин катышуучулары.

Бизге маалым болгондой, цирктин директору кызматына бир катар талапкер пайда болуп, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги чыгармачыл жамаат колдогон талапкерди кызматка бекитүүнү созуп жатат. Бизге балетмейстерди, кинорежиссер, уурдоо боюнча соттолгонду да таңуулашты. Бирок жамаат принциптик позициясына туруп, цирк чөйрөдөгү өзүбүздүн жетекчибизди чыгаруудабыз, деп кошумчалашты акциянын катышуучулары.

Кыргыз мамлекеттик циркинин манежинин инспектору Клара Тажиеванын айтымында, талапкерлиги сунушталып жаткан Акматова ал тармактагы баардык көйгөйлөрдү жакшы билгендиктен ал абалды олуттуу түрдө өзгөртө алат.

"Биздин көптөгөн эмгек сиңирген ишмерлер жумуш шарттарынын жоктугунан иштен кетишкен. Имарат эскирип турат. Биз 2012-жылдан бери коңгуроо кагып келебиз. Бирок бизге эч ким кулак төшөй элек", – дейт Тажиева.

Пикир

Оставить комментарий