• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Технологиянын доорунда жалган маалыматтар коомго гана эмес, саясатка, экономикага да өз таасирин тийгизүүдө – Нурдин Урмамбетов

Коом 0

Бишкек, 07.09.24. /Кабар/. Кыргызстандагы маалымдоо каражаттары тармагында фейктердин жана жалган маалымат тараткандардын саны көбөйдү. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине “Мир” телерадиокомпаниясынын башкы директору Нурдин Урмамбетов билдирди.

Анын айтымында, учурдагы санарип технологиялар өнүккөн доордо жалган маалыматтар коомго гана эмес, саясатка жана экономикага да өз таасирин тийгизүүдө.

"Бүгүнкү күндө фейк маалыматтарга каршы күрөшүү Кыргызстанда гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө мамлекеттик деңгээлдеги ишке айланууда. Мисалы, Германияда – мыйзам бузуу менен жазылган материалдын мазмунуна карата арыз түшкөндөн кийин 24 сааттын ичинде аталган материал өчүрүлбөсө социалдык тармактын ээсине компания 50 млн евро өлчөмүндө айып пул төлөйт.

Ал эми Кыргызстанда мыйзамсыз маалыматтарды көзөмөлдөө эрежелеринин төмөндүгү фейк жаңылыктардын тездик менен көбөйүшүнө алып келди. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү ушак, жалган жана адаштыруучу маалыматтарды чындыктан айырмалоо мүмкүн болбой калды. Бул көрүнүш миллиондогон адамдардын ой-пикиринин калыптанышына гана эмес, бүтүндөй мамлекетке таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан, мамлекеттин имиджин түшүрбөө үчүн фейк маалыматтардын таркашына каршы чечкиндүү күрөшүү керек. Болбосо жакынкы мезгилде эл кайсы жерде чындык бар, же жок экендигин айырмалай албай, бардык маалыматтарга ишенбөөчүлүк жаралат, ал эми бул мамлекеттин кыйроосунун биринчи кадамы”, - дейт Нурдин Урмамбетов.

Эске салсак, Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет сайттарында, социалдык тармактардагы баракчасын колдонуу менен жалган, адаштыруучу же жаңылыш маалыматтарды жарыялоого, таратууга тыюу салуу багытындагы “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Аталган мыйзам долбоорунда жалган маалымат тараткан жеке жактарга – 100 миң сом, юридикалык жактарга – 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу сунушталууда.

Пикир

Оставить комментарий