• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Текшерүүлөр жыйынтык бербей калды, милиция чара көрбөй келет – министр Ош базарындагы сатылган дары-дармектер тууралуу

Ден соолук 0

Бишкек, 28.06.19. /Кабар/. Ош базарында көчөдө дары-дармектерди саткан сатуучулар бир нече мыйзамдарды бузушууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, жүргүзүлгөн текшерүүлөр жыйынтык бербей калды.

“Мыйзам боюнча ИИМ аларга карата чара көрүшү керек. Анткени дары-дармектер тууралуу жана салыктар тууралуу мыйзамдар бузулууда. Ошондой эле жарыяланган мораторий текшерүү жүргүзүүгө мүмкүндүк бербейт”, - дейт министр.

Чолпонбаев белгилегендей, мекеме Улуттук база түзүү аркылуу дары-дармектердин сапатын жогорулатуу жана аларды жеткиликтүү кылуу максатында иш жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий