Темир Сариев Петербургдагы форумда ЕАЭБде товарлардын эркин жүрүү маселесин көтөрдү

Экономика 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Санкт-Петербург экономикалык форумунун алкагында Кыргызстан менен Россиянын Соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда “Бизнес диалог” пленардык жыйыны өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси, Орус-кыргыз ишкерлер кеңешинин төрагасы Темир Сариев, ал эми Россия тараптан Ишкерлер кеңешинин төрагасы Владимир Компонейщиков катышты.

Жыйында Темир Сариев чечүүнү талап кылган үч негизги көйгөйдү белгиледи. Биринчиси, банктык эсептешүүлөр. Бизнесмендер, ошондой эле Россияда жашаган жарандар акча которууда кыйынчылыктарга туш болушат.

“Экинчи маанилүү маселе – логистика. Бизде ЕАЭБдин ичинде товарлардын эркин өтүшү керек. Бирок Кыргызстан-Казакстан чек арасынан оор жүк ташуучу унаалар көп учурда себепсиз кармалып турат. Бул маселени чечүү керек, антпесе биз ЕАЭБдин негизги артыкчылыктарынын бири – товарлардын эркин жүрүүсүн жоготуп жатабыз”, - деп баса белгиледи Темир Сариев.

Үчүнчү маанилүү маселе – өнөр жай кооперациясы. КР Соода-өнөр жай палатасынын президентинин айтымында, өндүрүштү кандай багытта өнүктүрүү керектиги боюнча Россиядан так сигналдар түшүшү керек. Ушул жагынан өндүрүштү жолго койсок, бизнес өзүнөн өзү өнүгөт.

Пикир

Оставить комментарий