• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

"Теплые ключи" ден соолукту чыңдоо комплекси жаңылоодон кийин ачылды

Коом 0

Бишкек, 10.07.24. /Айпери Кожоева - Кабар/. Бүгүн Аламүдүн капчыгайындагы "Теплые ключи" ден соолукту чыңдоо комплекси реконструкциялоодон кийин салтанаттуу ачылды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров жана президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышты.

Аталган комплекс жыл башында президенттин иш башкармасына караштуу "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркынын балансына өткөрүлгөн.

Алты айда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, комплекс толугу менен жаңыланды.

"Капиталдык ремонттун негизинде канализация түтүкчөлөрү тазаланып, жолдорго брусчатка төшөлүп, электр энергиясы жана интернет тартылды. 100 кишиге ылайыкталган тамактануучу жай жана бассейиндер жаңыланды", - деди "Ала-Арча" паркынын директору Талант Жекшенов.

Курортто 30 эс алуучу коттедж бар, анын 18и стандарт, 12си люкс.

Ошондой эле эс алуу комплексинин аймагында булактар жана минералдык суулар бар, алардын температурасы +53 градуска жакын. Бул суу ревматизм, полиартрит, радикулит сыяктуу көптөгөн ооруларды дарылоодо кеңири колдонулат жана радон ванналары иммундук системага жакшы таасирин тийгизет.

"Теплые ключи" медициналык-ден соолукту чыңдоо комплекси 1977-жылы пайдаланууга берилген.

Пикир

Оставить комментарий