Терек-Сайдагы алтын өндүргөн компаниянын иши убактылуу токтотулду

Коом 0

Бишкек, 06.12.18 /Кабар/. Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы алтын өндүргөн «Эти Бакыр Терексай» компаниясынын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу "Кыргызалтындын" ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Компаниянын башкы директору Махир Тезджандын өндүрүштүн токтотулгандыгы тууралуу расмий түшүндүрмө берди. Анын маалыматы боюнча, милиция кызматкерлери тарабынан Терек-Сай айылынын 15 жашоочусу кармалгандыгына байланыштуу компаниянын жумушчулары 2-декабрында кармалгандарды бошотуу талабы менен митингге чыгышкан.

"Узак жылдар бою "Эти Бакыр Терексай" ЖЧКнын лицензияланган аянтынан сурьма кенин мыйзамсыз түрдө казып алып жүрүшкөн адамдардын тобу учурдан пайдаланып, компаниянын жумушчуларын жумушка чыкпоого үгүттөгөн. Бүгүнкү күндө түзүлгөн чагымдын айынан «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКнын жумушчулары өздөрүнүн жумуш ордуларын ташташып, жумушка чыкпай жатышат", - деп билдирди Махир Тезджандын.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу тоо кен-шахталык техникалардын жана жабдуулардын жарактан чыгып калбоосу үчүн компания өзүнүн өндүрүштүк ишмердигин убактылуу токтотууга жана белгисиз мөөнөткө консервация кылууга мажбур болду, деди компаниянын директору.

"Кыргызалтындын" маалыматы боюнча, азыркы күндө "Эти Бакыр Терексай" ишканасында 350 ашык адам жумуш менен камсыз болгон, анын ичинен – 96% жергиликтүү тургундар. Орточо эмгек акы 22,5 миң сомду түзөт. Компания 2016-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин бюджетке 750 млн сомдон ашык салык төктү.

Пикир

Оставить комментарий