• 87
  • 90.59
  • 0.87

Террористтик мүнөздөгү кылмыштар менен соттолгондорго карата системалуу иш алып баруу зарыл - Эгембердиев

Коом 0

Бишкек, 25.11.24. /Чолпон Жумалиева - Кабар/. Террористтик мүнөздөгү кылмыштар менен соттолгондорго карата системалуу иш алып баруу зарыл. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев түзөтүү тутумдарында экстремизм идеологиясынын алдын алууга багытталган аймактык илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө билдирди.

Эгембердиев белгилегендей, пенитенциардык мекемелерде экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, ага бөгөт коюу жана соттолгондорду кайра коомго аралаштыруу үчүн тиешелүү шарттарды түзүп берүү бүгүнкү күндө актуалдуу жана маанилүү маселе болуп саналат.

Анын айтымында, эң негизги аспектилердин бири ишти системалуу түрдө алып барып, ушул категориядагы соттолгондордун кармоо шарттарын оңдоо зарыл.

"Бул иш-аракеттер жаңы ыкмаларды талап кылат. Себеби, биз жаза чарасын гана колдонбостон, соттолгондорго түзөтүү жана кайра реабилитациялоо үчүн тутумдуу, жаңы шарттарды түзүп беришибиз керек", - деди Эгембердиев.

Белгилей кетсек, аймактык конференцияда түзөтүү мекемелеринде экстремисттик идеологиянын жайылышынын алдын алуу, террористтик мүнөздөгү кылмыштар үчүн соттолгондорду туура жашоо образына тартуу, радикалдуу көз караштардан арылтуу үчүн психологиялык жардам берүү, эмгекке тартуу зарылдыгы маалымдалды.

"Аймактагы кошуна өлкөлөр менен биргеликте иш алып барып жатабыз, жакында эле Өзбекстанга, Тажикстанга барып келдик. Алардын өкүлдөрү келип бүгүн өз тажрыйбалары менен бөлүшүп жатат. Анткени, постсоветтик мейкиндиктен калган мекемелер катары бизде көп окшоштуктар, кызматташтык байланыштар бар", - деди мекеменин жетекчиси.

Эске салсак, Бишкекте “Пенитенциардык мекемелерде экстремизмдин пайда болушу жана жайылышынын алдын алуу, террористтик мүнөздөгү кылмыштар үчүн соттолгондорду дерадикалаштыруу жана ресоциалдаштыруунун актуалдуу маселелери: эл аралык тажрыйба жана инновациялык мамилелер" аталган аймактык илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий