• 87
  • 90.59
  • 0.86

Тилек Текебаев кытайлык инвесторлор менен бир катар долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 27.12.24. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Кытайдын "Кытай Эл аралык экономикасы-Цзянсу провинциясынын техникалык тобунун" директорунун орун басары Юань Ган баштаган делегация менен жолугушту.

Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, тараптар инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады.

Тилек Текебаев облустун туризм тармагын өнүктүрүү максатында Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагындагы "Кичи шаркыратма-Жаңы-Базар" участкасындагы 2 чакырым аралыгына жана Жалал-Абад шаарынын Курорт аймагына асма жол куруу долбоорун сунуштады.

Ошондой эле жолугушууда Таш-Көмүр шаарында цемент заводун куруу жана Жалал-Абад шаарынын таштанды таштоочу жайындагы калдыктарды кайра иштетүү менен электр энергиясын өндүрүү долбоорлорун ишке ашырууну 2025-2026-жылдарга карата баштоо тууралуу сөз болду.

Жыйынтыгы менен тараптар өз ара кызматташуу боюнча меморондумга кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий