Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Ноокен районунун “Бүргөндү” чек ара тозотуна беш баш кызматтык аттарды тапшырды.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, аттар райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен алынган.
Аны менен катар райондук өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн 2 млн 574 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 189 сом акча каражаты жумшалып курулган чек ара тозотунун ашканасы ишке берилди.
Ыйгарым укуктуу өкүл чек ара кызматкерлеринин мекенди коргоодогу эрдигин белгилеп, аларды ар тараптуу колдоо, тармактын материалдык-техникалык базасын чыңдоо алкагындагы жумуштарга токтолду. Ошондой эле жоокерлерге бекем ден соолук жана кайраттуулук каалады.
Пикир
Оставить комментарий