• 87
  • 90.43
  • 0.88

Тилек Текебаев социалдык-стационардык мекеменин тарбиялануучуларын куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 26.12.24. /Кабар/. Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Жалал-Абад шаарынданы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде тарбияланып жаткан балдардын жаңы жылдык балаты майрамы менен куттуктады.

Ыйгарым укуктуу өкүл резервдик фондунан бөлүнгөн каражатка алынган белек-бечкектерин тапшырып, коомдун камкордукка муктаж балдарын ар тараптан колдоо – мамлекеттин социалдык саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи.

Тилек Текебаев аталган жайда тарбияланып жаткан балдарга керектүү шарттарды жаратуу аракети дагы да улантылаарын айтты. Ага катар мекеме тарбиячыларына ыраазычылык билдирип, балдарга бекем ден соолук каалады.

Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде жүздөн ашуун бала тарбияланат.

Пикир

Оставить комментарий