• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Тилек Текебаев Жалал-Абад облусунун активине тааныштырылды

Аймак 0

Бишкек, 13.07.24. /Кабар/. Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалган Тилек Текебаевди облус активине тааныштырды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Камчыбек Ташиев жаңы ыйгарым укуктуу өкүлдүн жоокерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалап, өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган тапшырмаларды так аткарууга, ошол эле учурда Жалал-Абад облусунун ар тараптуу өнүгүүсүнө жигердүү салым кошууга чакырды.

Жыйынга облустун мурдагы башчысы – транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Абсаттар Сыргабаев да катышты.

Текебаев Тилек Кыдырмаевич 1977-жылдын 28-февралында Бишкек шаарында туулган.

Билими жогорку:

  • 2000-жылы – Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин инженер-механик адистигин аяктаган;
  • 2023-жылы – Кыргыз экономикалык университетинин финансы жана кредит факультетин аяктаган;
  • 2024-жылы – Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин өндүрүш жана жарандык курулуш адистигин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1998-жылы – "Кыргызтрансавто" ААКта механик;
  • 1998-2001-жылдары – “Кыргызтрансавто” ААКта унаа оңдоо устаканасынын мастери;
  • 1999-2002-жылдары – КМКТАУ Балыкчы филиалы, ЖИД кафедрасында окутуучу;
  • 2001-2003-жылдары – "Кыргызтрансавто" ААКтын техника кыймылынын коопсуздугу боюнча инженер;
  • 2002-2003-жылдары – "Кыргызалтын" ААКтын "Автотранспорт ишканасы" Кумтөр сайты Мастер прораб;
  • 2003-2005-жылдары – "Кыргызалтын" ААКтын "Автотранспорт ишканасы" Кумтөр сайты Өндүрүштүн начальниги;
  • 2005-2008-жылдары – "Кыргызалтын" ААКтын "Автотранспорт ишканасы", Кумтөр сайты Колоннанын начальниги;
  • 2008-2010-жылдары – "Кыргызалтын" ААКтын "Автотранспорт ишканасы" Кумтөр сайтынын МТЖ инженери;
  • 2010-2011-жылдары – "Кыргызалтын" ААКтын "Автотранспорт ишканасы" Кумтөр сайтынын контролдоо механиги;
  • 2011-2012-жылдары – "Кыргызалтын" ААКтын "Автотранспорт ишканасы" Кумтөр сайтынын директор;
  • 2012- 2014-жылдары – "Бишкек – Нарын – Торугарт" АЖБ директордун орун басары;
  • 2014-2016-жылдары – "Бишкекасфальтсервис" капиталдык курулуш башкармалыгы, башкы инженер;
  • 2016-2016-жылдары – Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун директору;
  • 2016-2016-жылдары – КР өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Каракол шаары, Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын начальниги;
  • 2018-2021-жылдары – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы шаары, Ысык-Көл жана Тоң райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын начальниги;
  • 2017-2018-жылдары – Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы;
  • 2021-2022-жылдары – Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ош шаарынын архитектуралык-курулушун контролдоо боюнча шаардык башкармалыктын начальниги;
  • 2021-жылы – Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ош облусунун Кара-Суу району боюнча региондор аралык башкармалыгынын начальниги;
  • 2022-2024-жылдары – транспорт жана коммуникация министри.

Пикир

Оставить комментарий