• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Тилек Текебаев Жар-Кыштак айылындагы спорт залдын курулушу менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Сузак районунун Жар-Кыштак айылындагы “Жаш муун” спорт залынын курулуш жумуштары менен таанышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, аталган спорт залдын курулушу 2022-жылы башталган. Анын жалпы наркы 51 млн сомду түзүп, облустук жана райондук өнүктүрүү фонду, элдик салым, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен курулуштун 80 пайызы аяктаган.

Облус башчысы спорт залдагы жумуш ыргагын жеринен көрүп, бир катар кемчиликтерди белгилеп, тийиштүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий