• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

“Тилимпоз” долбоорунун жетекчиси Тилек Мирлан “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланды

Коом 0

Бишкек, 23.09.24. /Кабар/. “Тилимпоз” социалдык долбоорунун жетекчиси Тилек Мирлан мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланды.

Сыйлыкты бүгүн Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарада тапшырды.

Тилек Мирландын айтымында, “Тилимпоз” социалдык долбоорун 2020-жылы пандемия маалында үйдө отуруп ишке ашыра баштаган. Андан бери 4 жыл өтүп, долбоор ийгиликтерге жетише алды.

“Долбоорду интернетте жайылтуу максатында инфографика менен заманбапташтырып, окурмандарды кызыктырып, жеңилдетип берүүну туура көрдүк. Быйыл мына төрт жарым жыл болду. Бул убакыт аралыгында бардык социалдык тармакта 300 миңден ашуун аудитория, ай сайын миллиондон ашуун көрөрман топтодук. Кыргыз тилинин грамматикасына миллиондогон адамды кызыктыруу бул жакшы көрсөткүч деп ойлойм. Демек, контент жасасак жаштар дагы кызыгуу менен көрүүгө даяр экен”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий