• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

ТИМ Америкада кыргызстандыктын сабалышы боюнча ишти өз көзөмөлүнө алды

Коом 0

Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Америкада кыргызстандыктын сабалышы боюнча ишти өз көзөмөлүнө алды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

"Бул маселе КР Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда АКШда велосипед тээп бараткан өспүрүмдөр кыргызстандыкка кол салып, тоноп кеткени тууралуу маалымат тараган.

Пикир

Оставить комментарий