• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

ТИМ башчысы Евробиримдик Кыргызстанда колдой ала турган багыттарды атады

Саясат 0

Брюссель, 23.11.18. /Кабар/. Укук коргоо, соттук жана шайлоо системасын жандандырууда Кыргызстан Евробиримдиктин колдоосуна үмүт артат. Бул тууралуу КР ТИМ башчысы Чыңгыз Айдарбеков кабарчылар менен болгон жолугушуда айтты.

Ал белгилегендей, кызматташтык тууралуу жаңы стратегия КР үчүн абдан маанилүү жана ал ЕБ тарабынан өлкөдө болуп жаткан өзгөрүү процесстерин колдоо тууралуу кабарлайт.

"Бизге укук коргоо, соттук жана шайлоо системаларын кайра жандандырууга жардам керек экендигин айтып келебиз”, - дейт Айдарбеков.

Анын айтуусунда, европалык кесиптештерге КРда жүрүп жаткан реформалардын алкагында жаңы кылмыш кодекси, кылмыш-процессуалдык кодекси кабыл алынгандыгы тууралуу айтылган. Ошол себептен жаңы стратегияны кабыл алуу Кыргызстан үчүн абдан маанилүү.

Чыңгыз Айдарбеков белгилегендей, ЕБден келген жардам долбоорлорду эки тараптуу макулдашуунун алкагында ишке ашууда.

"Биз үчүн соттук реформа абдан маанилүү. Бул жерде электрондук системаны киргизүү үчүн колдоо керек. Бул демилге кылмыш иштеринин маалымат базасын түзүүгө багытталган. Анда ачык система жана чоң көзөмөл болот”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий