ТИМ башчысынын орун басары Имангазиев Пакистандын элчиси менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек,18.05.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Пакистан Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам жолугушту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жолугушууда пакистандык тарапка чет элдик жарандардын катышуусунда болгон окуя жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле, кыргыз тарап окуя тууралуу Пакистандын элчисине тастыкталбаган маалыматтарды таратпоо боюнча пакистандык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылды.

Ошону менен бирге, тышкы иштер министринин орун басары Пакистандын элчисин кырдаал Кыргызстандын компетенттүү органдарынын көзөмөлүндө экенине ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий