ТИМ: Чет мамлекетте жүргөн мекендештер үчүн ыкчам байланыш номери иштеп жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Чет мамлекетте жүргөн мекендештер үчүн ыкчам байланыш номери иштеп жатат, - деп билдирет КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнүн жана жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штабдын жыйынынын жүрүшүндө 2020-жылдын 20-мартында саат 00:00дө Бишкек жана Ош шаарларына/шаарларынан чыккан бардык эл аралык каттамдарды токтотуу чечим кабыл алынды. Ошентип, Москва-Бишкек, Москва-Ош жана Новосибирск-Бишкек аба каттамдары жумасына бир жолу аткарылат.

Мындай чара калктын саламаттыгын сактоону камсыздоо максатында кабыл алынды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде чет мамлекетте жүргөн мекендештер үчүн ыкчам байланыш номери иштеп жатат.

Консулдук кызмат департаменти. Дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү 10, кызматтык телефон (+996 312) 663 405, 660 811 (доб. 108, 109, 119, 129).

Ыкчам байланыш номери: +996 551 312 000 («WhatsApp», «Viber», «Telegram» тиркемелери аркылуу да суроолорду берип, кеңеш алса болот).

Пикир

Оставить комментарий