• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

ТИМ Европарламентке расмий түрдө жооп берди

Саясат 0

Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин Страсбург шаарында 2024-жылдын 19-декабрында “Кыргызстандагы адам укуктары жаатында, атап айтканда Темирлан Султанбековдун иши боюнча” кабыл алган резолюциясы боюнча расмий билдирүү таратты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламент тарабынан Кыргызстандагы адам укуктары жаатында жана Темирлан Султанбековдун иши боюнча резолюция кабыл алынганына байланыштуу төмөндөгүлөрдү белгиледи. Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында КР укук коргоо органдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун алдында Социал-демократтар партиясы тарабынан добуштарды сатып алуу фактыларын аныктаган. Аталган партиянын өкүлдөрү “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 17-бөлүгүнүн 15-беренесинин талаптарын бузуу менен 100гө жакын үгүтчүлөрдү мыйзамсыз тартып, шайлоочуларга 1,5 млн сомдон ашык акча таратышкан.

Буга байланыштуу 2024-жылдын 13-ноябрында Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесине ылайык, кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө партияга жана анын лидерине тиешеси бар экендигин тастыктаган акча каражаттары, материалдар жана техникалар алынган.

“Кармоолорго добуш сатып алуу фактысынын аныктай турган далилдердин, эки жарандын билдирүүсү, ошондой эле партиянын жетекчилеринин мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар экендигин көрсөткөн аудиожазуулардын болушу себеп болгон. Шектүүлөрдүн мындай аракеттери шайлоонун жүрүшүнө жана мыйзамдын бузулушуна алып келмек”, - деп айтылат маалыматта.

2024-жылдын 14-ноябрында Ирина Карамушкина, Роза Турксевер жана Темирлан Султанбеков кармалган. 15-ноябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту далилдерди жашыруу жана кайра кылмыш жасоо коркунучун белгилеп, камакка алууну мыйзамдуу жана негиздүү деп таап, 2025-жылдын 15-январына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Бүгүнкү күндө укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери жүрүүдө. Анын жыйынтыгы боюнча ишти сотто кароо үчүн тиешелүү документтер Башкы прокуратурага жөнөтүлөт.

Жазаларды аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, Темирлан Султанбеков кармалгандан бери адвокаттары менен 18 жолу жолуккан. Ошондой эле ага Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү (үч жолу) жана Жазык-аткаруу тутумунда мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча прокуратура кызматкерлери барышкан. Мындан тышкары, медицина кызматкерлери анын ден соолугунун абалын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп жатат. Ага ылайык, кыргыз тарап айыпталуучунун бардык укуктарын жана Темирлан Султанбековго карата бардык процессуалдык нормалардын сакталышын камсыздайт.

“Резолюцияда эске салынган Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы козголгон кылмыш иштери боюнча, 2024-жылдын 18-декабрында Бишкек шаардык соту төрт журналистти массалык баш аламандыкка чакыруу боюнча күнөөлүү деп таап, өкүмдү күчүндө калтырганын маалымдайбыз. Ошол эле учурда иш боюнча калган жети айыпталуучу кылмыштын курамы жок болгондуктан акталды. Ошондой эле айыпталуучулардын бул чечим боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанууга укугу бар экенин эскертебиз”, - деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин резолюциясын Кыргызстандын укук коргоо жана сот органдарына басым жасап жаткан аракети катары баалайт. Ошондой эле Европарламенттин депутаттарынын диалогду күчтүү позициядан өткөрүүгө умтулуусу Кыргыз Республикасынын эгемендигине шек туудурат жана Кыргызстан менен Европарламенттин ортосунда акыркы он жылдыкта калыптанып калган кызматташтыкка жана өнөктөштүккө доо кетирет.

Дипломатиялык мекеме кыргыз тараптын өз ара урматтоо жана ички иштерге кийлигишпөө принциптерине негизделген ачык жана тең укуктуу диалогго даяр экендигин дагы бир жолу баса белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий