• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ТИМ: Кыргыз-түркмөн байланыштарын бекемдөө талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 18-мартында түркмөн тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов менен видеобайланыш форматында жолугушуусу болду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилери кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, энергетика жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү актуалдуу маселелерди талкуулашып, мындан аркы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алышты.

Мындан тышкары, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтип, курулуш тармагында жана башка чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө бийик деңгээлдеги эки тараптуу тышкы саясий иш-чараларды уюштуруу маселерине өзгөчө көңүл бурулду. Р. Казакбаев жана Р. Мередов алдыда боло турган иш-чаралардын мазмундуу бөлүгү сапаттуу даярдоо жана эки тараптын кароосундагы документтердин өз убагында макулдашуудан өткөрүү зарыл экендигин белгилешти.

Жакынкы арада өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-түркмөн комиссиясынын кезектеги 5-отурумун өткөрүү керектиги баса белгиленди.

Министрлер кыргыз-түркмөн өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо үчүн мындан ары да туруктуу байланышты камсыз кылууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий