• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

ТИМ кыргыз жарандарына Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө баруудан баш тартууну сунуштайт

Коом 0

Бишкек, 20.10.23. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгышта аскердик-саясий абалдын туруксуздугуна жана палестина-израиль жаңжалынын андан ары курчушуна байланыштуу Кыргызстандын жарандарына Ливандан чыгып кетүүнү жана ошондой эле чыр-чатакка кабылган Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө баруудан баш тартууну сунуштайт.

Ведомстводон белгилешкендей, ошону менен бирге министрлик Израилде жүргөн Кыргызстандын жарандарын азыркы учурда каттап жаткан туруктуу каттамдар менен барган өлкөнүн чегинен тышкары чыгып кетүүгө чакырат.

Ошол эле учурда министрлик күтүлбөгөн кырдаалдарда жана шашылыш суроолор келип чыкканда, КР жарандарына министрликтин Консулдук департаментинин түз байланыш телефонуна кайрылууну эскертет: +996 999 312 002.

Пикир

Оставить комментарий