• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

ТИМ кыргызстандыктарга Израиль жана Ливанга баруудан алыс болууну сунуштайт

Коом 0

Бишкек, 01.08.24. /Кабар/. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарына Израиль Мамлекетине жана Ливан Республикасына баруудан алыс болууну сунуштайт.

Ошондой эле министрлик Ливан жана Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарына региондогу кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүүсү зарыл экенин белгилейт.

Ошону менен бирге ТИМ белгиленген өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандары ыкчам байланыш үчүн Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин (+96525359951), Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин (+905456896800) жана КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин (+996 999 312002) ишеним телефондору аркылуу зарыл учурда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышарын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий