• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

ТИМ кыргызстандыктарга Россиянын үч облусуна баруудан карманууну сунуштайт

Коом 0

Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Россиянын үч облусуна баруудан карманууну сунуштайт.

“Курск облусунда федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими, ошондой эле Брянск жана Белгород облустарында аймактык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине байланыштуу, Кыргызстандын жарандарына учурдагы абал турукташканга чейин Россиянын аталган аймактарына баруудан убактылуу кармануу сунушталат”, - деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда, зарылдык келип чыкса, Кыргызстандын жарандары төмөнкү телефондорго кайрылып, тиешелүү жардам же консультация алса болот: +7 (925) 2855047, +7 (925) 1155047.

Пикир

Оставить комментарий