• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

ТИМ Кыргызстандын КМШга төрагалык кылуу мезгилиндеги пландары жөнүндө айтып берди

Коом 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 14-февралда Тышкы иштер министрлигинде 2023-жылы Кыргызстандын Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) төрагалык кылуусу боюнча маалымат жыйын өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрдин биринчи орун басары Асеин Исаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө шериктештиктин өнүгүүсү, анын аймактык уюм катары артыкчылыктары жана ошондой эле эркин соода аймагы жөнүндө макулдашуунун жоболорунун жеңилдиктери, визасыз режим, окуу жайларга кабыл алуунун жеткиликтүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Кыргызстандын КМШдагы төрагалыгынын айрым артыкчылыктарына, атап айтканда, экологиялык жана климаттык күн тартибине, соода-экономикалык, энергетикалык жана транспорттук чөйрөлөргө, ошондой эле парламенттер аралык жана аскердик кызматташтыкка кеңири токтолду.

КМШда 2023-жылды орус тилинин улуттар аралык баарлашуу тили катары жарыялоонун алкагында атактуу жазуучу Ч.Айтматовдун 95-жылдыгына карата жана орус тилин анын чыгармаларын изилдөө аркылуу кеңири жайылтууга пландалган тематикалык иш-чараларды жарыяланды.

КМШнын жогорку жана тармактык органдарынын быйылкы жылы Кыргызстанда өтө турган иш-чаралары, тактап айтканда Бишкек шаарында 12-октябрында Тышкы иштер министрлер кеңешинин, 13-октябрында Мамлекет башчылар кеңешинин жана 27-октябрында өкмөт башчылар кеңешинин отурумдарында кыргыз тараптын төрагалыгынын жыйынтыгы чыгарыла тургандыгын маалымдады.

Маалымат жыйынынын соңунда Асеин Исаев журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий