• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ТИМ: Лос-Анжелесте өрттөн жабыркагандардын арасында КР жарандары жок

Дүйнө 0

Бишкек, 11.12.17. /Кабар/. Лос-Анжелестин айланасында болгон өрттөн жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу КР ТИМнин басма сөз кызматы билдирет.

“Калифорния штатындагы Лос-Анжелестин аймагында катталган өрткө байланыштуу Кыргызстандын АКШгы элчилиги кыргызстандыктардын жергиликтүү бирикмеси менен ыкчам байланышта болууда. Биздин жарандарга штаттын башкаруу органдарынын көрсөтмөлөрүнө баш ийүү сунушталды”,-деп айтылат маалыматта.

Өрттүн кесепетинен жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.

Лос-Анжелес шаарында өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген.

Штаты бийлиги 200 миң адамдан ашуун адамдын эваукация кылынгандыгын тууралуу маалымат таратты.

Пикир

Оставить комментарий