ТИМ: Пакистанда Кыргызстандагы абал тууралуу жалган маалыматтар таратылууда

Саясат 0

Бишкек,18.05.24. /Кабар/. Деструктивдүү күчтөр тарабынан чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда, айрыкча Пакистандын аймагында Кыргызстандагы абал тууралуу чындыкка дал келбеген, жалган маалыматтар атайылап таратылып жатат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Министрлик учурда Бишкек шаарында абал тынч жана толук көзөмөлгө алынгандыгын, коопсуздукту камсыз кылуу, тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлгөндүгүн билдирет.

Ушундан улам министрлик жалпыга маалымдоо каражаттарынын, блоггерлер коомчулугунун өкүлдөрүнөн, ошондой эле чет өлкөлүк кесиптештеринен Кыргызстандын компетенттүү органдарынын расмий жана тастыкталган маалыматтарын гана жетекчиликке алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий