ТИМ: Стамбулдагы өрттөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Коом 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Түркиянын Стамбул шаарындагы өрттөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Стамбул шаарындагы көп кабаттуу имаратта чыккан өрттүн кесепетинен имаратта оңдоо иштерин жүргүзгөн 29 адам каза болгон.

"Жергиликтүү органдардын алдын ала маалыматы, боюнча каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок", - деп белгилешти ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий