Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги Түркияда күйөөсү тарабынан токмоктолгон кыргызстандык аял тууралуу маалыматка комментарий берди.
Ведомстводон билдиришкендей, 21-январда Анталиядагы Башкы консулдукка Кыргызстандын жараны Түркиянын жараны болгон күйөөсү тарабынан сабалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Башкы консулдуктун ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө жана Түркиянын укук коргоо органдары менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ошол эле күнү күйөөсүнүн ата-энесииндеги баласы апасына өткөрүлүп берилген.
Белгиленгендей, учурда жергиликтүү милиция жабырлануучунун күйөөсүн кармап, кылмыш ишин козгоо чараларын көрүүдө.
"КР Тышкы иштер министрлиги бул маселени көзөмөлгө алууда. Башкы консулдуктун кызматкерлери консультациялык жана юридикалык жардам көрсөтүү үчүн жабырлануучу жана адвокаттар менен байланышта",-деп айтылат билдирүүдө.
Пикир
Оставить комментарий