• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ТИМ Түркияда каза болгон кыргыз жараны тууралуу маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Түркияда Кыргызстандын Г.У. аттуу жараны каза болуп, жерге берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштери министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Түркияда каза болгон Г.У. аттуу кыргыз жаранынын туугандарын издөө тууралуу маалымат жарыяланган.

Ведомстводон белгилешкендей, маалыматты алары менен Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин кызматкерлери кыргыз жаранынын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн өлүкканага барышкан.

Каза болгон жарандын бир тууган агасы жана тайэжеси Түркияга келип, алардын чечими менен 23-июлда ал Түркиянын аймагында жерге берилди.

Пикир

Оставить комментарий