• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

ТИМ Таиландда зордуктоого айыпталып жаткан кыргызстандык боюнча маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Таиландда Кыргызстандын жараны зордуктоого айыпталып жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Таиланддын компетенттүү органдары бул кылмыш иши боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүүдө.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги аталган жаран менен байланышта болуп, ага Кыргызстандын Таиланддагы Ардактуу консулу менен биргеликте зарыл консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий