ТИМ: Тажикстанда кароосуз калган этникалык кыргыз балдарды камкордукка алуу чаралары көрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Тажикстанда кароосуз калган этникалык кыргыз балдарды камкордукка алуу чаралары көрүлүүдө. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги тарабынан аталган маселе боюнча Тажикстандын тийиштүү мамлекеттик органдары менен этникалык кыргыздардын балдарын Кыргызстандагы туугандарына өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 29-майында Тажикстандын жараны болгон үч этникалык кыргыз өлтүрүлүп, үч бала кароосуз калган.

Пикир

Оставить комментарий