ТИМдин Кыргызстандын түштүк облустарындагы өкүлчүлүгүнө жаңы имарат курулууда

Коом 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы өкүлчүлүгүнө жаңы имараттын курулушу башталды.

Ош шаарындагы курулушка капсула салуу иш-чарасына мэрдин биринчи орун басары Марс Исаев, тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев, Ош шаарындагы консулдуктардын жана эл аралык уюмдардын жетекчилери катышты.

Аталган имараттын курулушу бүтсө өлкөнүн экинчи борборунун аймагындагы эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, материалдык-техникалык базасы жакшырат.

Долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 2580 чарчы метрди түзөт. Анда, ар кандай форматтагы жолугушуу, конференциялык залдар, кызматкерлер үчүн кеңселер, ошондой эле консулдук-укуктук жана виза маселелери боюнча жарандарды кабыл алуу борбору болот.

Курулуш Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана КР Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына карата башталып, ушул жылдын декабрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий