• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

ТИМдин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты

Коом 0

​​​​​​Бишкек, 21.09.24. /Кабар/. Бүгүн, 21-сентябрда Тышкы иштер министрлиги экологиялык маселелерге өзүнүн берилгендигин көрсөтүү менен ири масштабдуу тазалоо кампаниясына катышты.

Ведомстодон маалымдашкандай, бул демилге шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртууга, ошондой эле коомчулукту көрктөндүрүү иштерине тартууга багытталат.

Кызматкерлер биргеликте министрликтин айланасын, анын ичинде Эркиндик бульварын, Сейтек борборунун сейил багын, ошондой эле ТИМдин Тоголок Молдо 10 жана 10а даректеринде жайгашкан Консулдук департаментинин жана Экономикалык дипломатия департаментинин имараттарынын жанындагы аймактарды тазалоого активдүү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жалбырактар жыйналып, арык системалары тазаланып, жалпысынан 110го жакын мүшөк таштанды чыгарылды.

Ишембилик президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрында бекитилген "Улуттук тазалык күнү жөнүндө" жарлыгы жана 2023-2025-жылдарга карата тиричилик таштандыларын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-аракеттер планын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий