• 87
  • 90.41
  • 0.84

ТИМдин жетекчилиги биринчи элдик комиссар Казы Дикамбаевдин эстелигине гүлчамбар койду

Коом 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына жана КР Дипломатия кызматкерлеринин күнүнө карата Кыргызстандын мамлекеттик ишмерлеринин аллеясында белгилүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз ССРинин биринчи элдик комиссары Казы Дикамбаевдин бюстуна гүлчамбар коюлду.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, гүлчамбар коюу салтанатына министр Жээнбек Кулубаевдин жетекчилигиндеги Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери катышты.

Маалымат үчүн: Белгилүү мамлекеттик ишмер Казы Дикамбаевдин бюсту 2022-жылдын 4-ноябрында Бишкектеги Мамлекеттик ишмерлер аллеясында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин жетекчилигинде салтанаттуу түрдө ачылган.

Бюсттун автору - белгилүү скульптор Ажыев Саадабек Ботобекович.

Пикир

Оставить комментарий