Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 7 миң 190 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 миң 605 адам вакцинанын биринчи дозасын 3 миң 585 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 1 млн 270 миң 517 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 62 миң 86 жаран экинчи компоненти менен эмделди.
Пикир
Оставить комментарий