• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Өткөн жылы абитуриенттердин 40 пайызы ЖРТден 110 баллдан аз алышкан

Билим 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. 2022-жылы абитуриенттердин 40 пайызы жалпы республикалык рестирлөөнүн негизги тестинен (ЖРТ) 110 баллдан аз алышкан. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

2022-жылы Баткен облусундагы мектептердин 52 пайыз бүтүрүүчүлөрү босого баллдан төмөн балл алышкан.

Чүй облусунда – 47%;
Жалал-Абад облусунда – 44%;
Ош облусунда – 42%;
Ысык-Көл жана Нарын облустарында – 38%;
Ош шаарында – 29%;
Талас облусунда – 27%;
Бишкек шаарында – 15%.

Акыркы үч жылда ЖРТден начар натыйжалары болгон райондордун саны тогуз райондон 15ке көбөйгөн. Алсак, Ноокен районунда ЖРТ эң төмөнкү көрсөткүчкө ээ болгон мектептердин саны 77 пайызды түзгөн.

Манас районунда – 69%,
Кемин районунда – 67%,
Майлуу-Суу шаарында – 67%,
Ысык-Ата районунда жана Кант шаарында – 60%,
Панфилов районунда – 59%,
Кара-Суу районунда – 58%,
Кочкор районунда – 56%,
Жумгал районунда – 54%,
Сокулук районунда – 52%,
Ак-Суу районунда – 52%,
Сүлүктү шаарында жана Лейлек районунда – 52%,
Базар-Коргон районунда – 51%,
Баткен шаарында жана Баткен районунда – 51%,
Аксы районунда – 50%.

2022-жылдагы предметтик тестирлөөнүн жыйынтыгын талдоо көрсөткөндөй, эң төмөнкү көрсөткүчтөр математика, физика, химия жана биология боюнча катталган. Жалпысынан математика сабагынан начар жыйынтык көрсөткөн мектептердин эң көп саны Чүй облусунда (79%) катталган.

физика боюнча – Нарын облусунда (80%),
химия жана биология боюнча – Баткен облусунда (78% жана 72%),
тарых боюнча – Ош облусунда (61%),
кыргыз тили боюнча – Чүй облусунда (30%),
орус тили боюнча – Ош облусунда (61%),
англис тилинде – Жалал-Абад облусунда (21%).

Пикир

Оставить комментарий