• 87
  • 90.41
  • 0.84

Өткөн жылы унаа текшерүүдөн түзүлгөн протоколдор 27, айыппулдар 80 пайызга өскөн

Коом 0

Бишкек, 22.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2021-жылдын жыйынтыгы менен уруксат кагаздарын берүү, салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө, айыппулдарды чегерүүдөн 50 млн 922 миң сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин директору Шухрат Айтиев билдирди.

Анын айтымында, айдоочуларга 17 миң 666 лицензия берилип, андан 11 млн 503 миң 500 сом түштү.

“2021-жылы 170 миң 139 каттам аткарылып, 2 млн 623 миң 930 тонна жүк ташылды. Транспорт көзөмөл инспекторлору тарабынан 501 миң 262 миң унаа текшерилди. Мындан сырткары, өткөн жылы 2020-жылга салыштырмалуу текшерилген транспорт каражаттарынын саны 26, түзүлгөн протоколдордун саны 27%, чегерилген айыппулдардын саны 80%, өндүрүлгөн айыппулдардын саны 61 пайызга өскөн”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий