• 87.86
  • 93.94
  • 1

ТМУ өлкөлөрүнүн социалдык коргоо министрлери Түркия президентинин кабыл алуусунда болду

Коом 0

Бишкек, 18.05.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Түрк Мамлекеттеринин Уюмунун (ТМУ) социалдык коргоо министрлери менен жолугушуусуна катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, Түркиянын мамлекет башчысы министрлерди жылуу кабыл алып, конструктивдүү диалог, тажрыйба алмашуу жана социалдык коргоо жаатындагы мыкты тажрыйбалар Түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө кызмат кылат деген пикирин билдирди.

Ошондой эле ал социалдык саясат чөйрөсүндө үй-бүлөнү жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө багытталган демилгелерге артыкчылык берилиши керектигин баса белгиледи.

Түрк мамлекеттер уюмунун Социалдык саясат боюнча министрлеринин биринчи жыйынында КР эмгек министри Гүлнара Баатырованын "Келечек муундардын бирдиктүү фондун" түзүү сунушу декларацияга киргизилди. Ошондой эле министрдин түрк тилдүү өлкөлөрдүн "Бактылуу үй – бүлө-бакубат мамлекет" форумун өткөрүү тууралуу сунушу колдоого алынды.

Пикир

Оставить комментарий