ТМУ жана ИСЕСКО уюмдарынын ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду

Саясат 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) менен Ислам билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ИСЕСКО) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумуна кол коюлду.

Меморундумга ТМУнун башкы катчысы - элчи Кубанычбек Өмүралиев жана ИСЕСКОнун башкы директору доктор Салем Бин Мохаммед Аль Малик Марокконун Рабат шаарындагы жолугушуусунда кол коюшту.

Анда тараптар билим берүү, илим жана маданияттарды сактоого басым жасоо максатында уюмдардын ортосундагы кызматташуунун келечектүү мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу боюнча Жол картасын иштеп чыгууну талкуулашты.

Кол коюу аземине Марокко Королдугундагы ТМУга мүчө мамлекеттердин элчилери катышты.

Пикир

Оставить комментарий