• 87
  • 90.41
  • 0.84

ТМУнун бейформал саммитинин жыйынтыгы боюнча бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 06.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-июлда, Шуша шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башчыларынын бейформал саммитине катышты.

Бейформал саммит Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин төрагалыгы алдында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Түрк мамлекеттер уюмунун катышуучу-өлкөлөрүнүн лидерлери тарабынан төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитинин Карабах декларациясы;
2. Түрк мамлекеттер уюмунун Катчылыгынын штаттык санын жана бюджетин көбөйтүү тууралуу чечим;
3. Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттер менен Түркмөнстандын ортосундагы кызматташуу жана эл аралык автомобиль ташуу чөйрөсүндө электрондук уруксатты (Е-Permit) пайдалануу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Пикир

Оставить комментарий