• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

Тоңдо мал айдап кеткен бойдон дайынсыз болгон жарандын сөөгү табылды

Аймак 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Тоңдо мал айдап кеткен бойдон дайынсыз болгон жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Шор-Булак айылынын 58 жаштагы К.Т. аттуу тургуну кечээ, 13-июнда саат 09:00 чамасында көл жээк тарапка малын айдап кеткен. Кечинде үйүнө кайтып келбегендиктен үй-бүлөсү Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылган.

Издөө иштерине 5 куткаруучу, 2 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган.

Бүгүн, 14-июнда саат 10:56 чамасында изделип жаткан жарандын сөөгү көл жээк тараптан табылган.

Окуянын чоо-жайы Тоң РИИБи тарабынан териштирилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий