• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Тоңдогу Зындан көлүнүн суусу тартылды. Техникалар нөөмөттө – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. Тоңдогу Зындан көлүнүн суусу тартылды. Учурда жеринде инженердик техникалар нөөмөттө турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

ӨКМдин маалыматы боюнча, күн мурун суунун нугу бурулгандыктан айылдарды каптаган эмес. Учурда суунун көлөмү азайды. Зындан көлүнө Тоң районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жана айыл өкмөттүн кызматкерлери байкоо жүргүзүп жатат.

Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин башчысы Даурбек Сакыевдин айтымында, Тоңдогу Зындан көлү чегинен ашып, жырылып кетүү коркунучу бар экендиги мындан бир нече күн мурда ӨКМ тарабынан аныкталып, жергиликтүү бийликке эскертилген.

"Биз эки жума мурда жергиликтүү бийликке Зындан көлү толуп келе жатат, көл жырылып кетсе, калктуу конуштарга коркунуч жаратат. Сел пайда болушу мүмкүн деген атайын эскертме катын жолдогонбуз. 19-августта дагы департамент тарабынан кошумча эскертме берилген", - деди ал.

Белгилей кетсек, кечээ Тоң районунун Туура-Суу жана Рыбзавод айылдарынан жалпы 490 адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлгөн болчу.

ӨКМ бийик тоо көлдөрүн көзөмөлдөө учурунда Тоң районундагы I категориядагы Зындан көлүндө акыркы айда 2023-жылга салыштырмалуу суунун көлөмү көбөйүп жатканы спутниктен алынган маалыматтан кийин белгилүү болгон.

Пикир

Оставить комментарий