• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Тоң райондук сотунун төрагасы пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.09.24. /Кабар/. Опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Тоң райондук сотунун төрагасы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук малекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат КР сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалык иштердин жүрүшүндө, 2024-жылдын 27-сентябрында 3000 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасы А.Г.Н. кармалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында судья аталган каражатты өзүнүн ортомчусу аркылуу алып жаткан жеринен кармалып, жеке тинтүү жүргүзүү учурунда Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасы А.Г.Н.дан 2500 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты, калган 500 АКШ доллары ортомчудан алынган.

2024-жылдын 28-сентябрында КР Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде судья А.Г.Н.га карата айыпталуучу катары Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан 2024-жылдын 17-ноябрына чейин КР УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды.

Учурда КР УКМК тарабынан башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий