• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Тоң районунда абал турукташып, эвакуацияланган тургундар үйлөрүнө кайтышты

Коом 0

Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагында абал турукташкандыгына байланыштуу коопсуз жайга эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, айыл аймак тарабынан 2 экскаватор, 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылып, коктудан түшкөн суунун нугун Тоң суусуна буруп, суу каптоо коркунучу жоюлган.

Учурда жеринде райондук жарандык коргонуу кызматтарынан турган нөөмөт көзөмөлдөөдө.

Белгилей кетсек, 21-августта Зындан көлү жырылып, Б.Мамбетов айыл аймагына тиешелүү Туура-Суу айылына, Балык завод тилкесинде жашагандарга кооптуулук жаралган.

Пикир

Оставить комментарий